"Ош" аэропортунун ээрип кеткен асфальты боюнча "Манас" аэропорту түшүндүрмө берди
RU

"Ош" аэропортунун ээрип кеткен асфальты боюнча "Манас" аэропорту түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин "Ош" аэропортунун жакында эле оңдолгон учуп-конуу тилкесиндеги асфальт бузулуп калган. Тиешелүү видеону Kaktus.media редакциясына өздүк булактары жөнөтүшкөн.

Бүгүн, 11-августта "Манас" аэропорту Оштогу аба майдандын учуп-конуу тилкесиндеги абалды көрсөтүп, маалымат таратты.

Белгилүү болгондой, "Ош" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси асфальт бетон менен төшөлгөн.

"Жыл сайын компания аэродромдун ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, учуп-конуу тилкелерге пландуу иштерди жүргүзүп турат, бул тууралуу өлкөнүн авиациялык бийликтерине жана авиакомпанияларга алдын ала маалымдалат.

2023-жылы учуп-конуу тилкесин оңдоо жана төшөлмө иштерин жүргүзүү үчүн аэродромду аптасына 5 күнгө саат 10:00дөн 16:00гө чейин жабуу пландаштырылган.

1-июлда аба ырайынын катуу ысышы, учуп-конуу тилкесинин сүрүлүү коэффицентине таасирин тийгизип, учуулардын коркунучун жараткан. Ошол эле күнү ыкчам иштер жүргүзүлүп, учуп-конуу тилкесинин төшөлмө маселеси жоюлган.

Учурда учуу тилкеси бардык техникалык талаптарга жооп берет, учуулар үчүн ачык.

Оңдоо иштерин жүргүзгөн подрядчы бардык кемчиликтерди жойгон. Бузулган асфальттын төшөлмөсү алынып, анын ордуна бардык талапка жооп берген жаңысы төшөлдү.

Аэропорт учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук чөйрөсүндө катуу талаптарды карманат", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13913