Зеленский Украинадагы бардык облустук аскер комиссарларын кызматтан бошотту
RU

Зеленский Украинадагы бардык облустук аскер комиссарларын кызматтан бошотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү коррупцияга каршы күрөштүн жана өлкөдө аскерге чакыруудан "паранын" жардамы менен бошотууга көмөктөшкөн бардык аймактык аскер комиссарлары кызматтан алынарын билдирди деп жазат Би-Би-Си.

Зеленскийдин айтымында, мындай чечим жума күнү Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин кезексиз жыйынында кабыл алынган.

"Биздин чечимдерибиз: биз бардык аймактык "аскер комиссарларын кызматтан кетиребиз". Бул системаны согуш деген эмне экенин жана согуш учурундагы цинизм жана паракорчулук эмне үчүн чыккынчылык экенин жакшы билген адамдар жетектеши керек", - деди Зеленский кыска видео кайрылуусунда.

Зеленскийдин айтымында, аскер комиссарларынын бош орундарына бардык талапкерлер Украинанын Коопсуздук кызматы тарабынан текшерилет.

Президент укук коргоо органдары тарабынан Украина боюнча аскер комиссариаттарынын текшерүүсүнүн жүрүшүндө буга чейин 112 кылмыш иши козголуп, бул иштерге тиешеси бар 33 адамга расмий айып тагылганын эске салды.

Расмий түрдө Украинадагы мурдагы аскер комиссариаттары "аймактык чакыруу борборлору" (АЧБ) деп аталат.

Кээ бир "аскер комиссарлары", тактап айтканда, бул АЧБнын жетекчилери согушка чакырууда "пара" алып, айрымдар армияга чакыруудан бошотулуп жатканы согуштун башынан эле социалдык тармактарда тараган эле.

"Аскер комиссарына" каршы биринчи резонанстуу иш үстүбүздөгү жылдын май айында козголгон: Одесса АСБнын жетекчиси Евгений Борисов айыпталуучу болуп калды. Басма сөздө анын Испаниядан 4 миллион еврого вилла сатып алганы айтылган. Борисов кызматынан четтетилип, паракорлукка айыпталган.

Андан кийин май айында Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши өлкөнүн бардык аймагында күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин текшерүүнү чечкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13914