Бишкекте эки чиновник 4 миң доллар менен кармалды
RU

Бишкекте эки чиновник 4 миң доллар менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлигине караштуу жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматтын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилик курамындагы кызматкерлери кармалды. Алар опузалап пара талап кылганга шектелүүдө.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 10-августта Тергөө кызматына О.С. атуу жаран кайрылып, жогоруда аталган кызматтын кызматкерлери көп өлчөмдөгү айып салабыз деп коркутуп, опузалоо менен маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатканы айткан.

Бул факты боюнча 343-берене менен кылмыш иши козголгон.

11-августта ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Разаков/Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4000 доллар өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Чүй-Бишкек региондор аралык жер, суу көзөмөл кызматы башкармалыгынын башчысы Д.Р. жана жер, суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы М.Ш.ны кармашкан.

Учурда тегөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13919