Мэрия троллейбус айдоочуларын издөөдө
RU

Мэрия троллейбус айдоочуларын издөөдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек троллейбус башкармалыгы "Т" категориясындагы айдоочуларды өз командасына чакырат. Тиешелүү билдирүүнү мэриянын басма сөз кызматы 11-августта жарыялады.

Жаңы айдоочулар үчүн муниципалитеттин маалыматы боюнча, бекер окуу жана стажировка өткөрүлөт. Курсту аяктагандан кийин расмий ишке орношууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берет.

Мэриянын маалыматы боюнча, 20-августтан тарта накталай эмес төлөмдөргө өткөндөн кийин айдоочулардын айлык маянасы 50 миң сомду түзөт.

Эске салсак, 10-августта троллейбустун айдоочулары митингге чыгып, 11-августта иш ташташкан. Бирок, 12-августта алар кайра жумушка чыгышкан. Буга Бишкек мэриясынын муниципалдык транспортто накталай эмес төлөмгө толугу менен өтүү чечимине байланыштуу айдоочулардын айлык маянасын 70 миң сомго чейин көтөрүү талаптары себеп болгон. Айдоочулар электрондук төлөм системасынын өзүнө каршы эместигин, аны менен иштөө аларга дагы ыңгайлуу экенин айтышты. Бирок аны ишке киргизгендиктен, алар кирешеси азая тургандыктан, айлык акыны жогорулатууну талап кылышкан.

Мэрия 50 айдоочу жаңы шарттарга макул эместигин билдирди - алар иштен алынарын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13923