Курманкул Зулушев эл аралык көкбөрү ассоциациясынын президенти болду
RU

Курманкул Зулушев эл аралык көкбөрү ассоциациясынын президенти болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда федерациянын ордуна Эл аралык көкбөрү ассоциациясы түзүлгөн. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган бирикменин президенти болуп өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушев шайланды.

Белгиленгендей, бүгүн, 13-августта ассоциациянын курултайы өтүп, анда эл аралык федерацияны ассоциацияга айландыруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле бирикменин жетекчилери шайланды.

Конгресске тогуз өлкөнүн федерацияларынын өкүлдөрү катышты.

Вице-президенттикке Казакстандан "Жаппай көк пар" федерациясынын жетекчиси Дирманов Гани, Өзбекстандан "Улок купкари" Адхамов Равшанбек, Алтай Республикасынан "Көк бөрү" Тузачинов Эркин киришти.

Экс-вице-президенттер Аскар Салымбеков менен Набижон Жураев (Өзбекстан) ардактуу президент болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13925