Бишкекте мечит, медреселер текшерилүүдө
RU

Бишкекте мечит, медреселер текшерилүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте атайын комиссия түзүлүп, 11-августтан бери шаардагы бардык мечит-медреселерде текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда бардык тиешелүү документтер, санитардык жана өрткө каршы эрежелер изилденет. Окуу программалары да каралат.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мекеме жетекчилерине тиешелүү чаралар көрүлөт.

Эске салсак, Ош шаарында текшерүүдө мыйзам бузуулар жана документтери жок ондогон мечит-медреселер аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулган. 39 диний жана сыйынуучу жайларга айып салынды. 48 мечитке жана 40 диний окуу жайга буйрук берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13926