"Жүрөгү токтоп дем албай калган". Маршруткадан жыгылган аялдын өмүрүн доктур сактап калды
RU

"Жүрөгү токтоп дем албай калган". Маршруткадан жыгылган аялдын өмүрүн доктур сактап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кардиология жана терапия улуттук борбордун врач-кардиологу Айжан Турсунбаева бишкектик тургундун өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына куткарылган Назгүл өзү айтып берди.

"Эртең менен, саат 8де жумушума бараткам. Өзүмдү жакшы эле сезип тургам, эмнегедир маршруткадан эсимди жоготуп коюптурмун. Мени Киев көчөсүндөгү "Лион" дүкөнүнүн жанындагы аялдамага чыгарышыптыр. Ошол учурда аялдамада жаш кыз кардиолог туруптур. Өзүмө келсем, мага жасалма дем алдыруу жасап жатыптыр. Доктур жүрөгүм токтоп, дем албай калганымды айтты. Ал менин өмүрүмду сактап калды", - деп Назгүл айтып берди.

Кызыгы, куткарылган келин доктурдун каршылыгына карабастан андан ары жумушуна жөнөп кеткен. Себеби, ачкыч анда эле бар болчу.

"Врач мени кое бербей жатты. Бирок мен жумушума такси менен бардым. Андан кийин кайра доктурга келип көрүндүм. Азыр дарыланып жатам. Айжан сөзсүз медициналык көзөмөлддөн өтүшүм керектигин айтты. Анализдеримди тапшырып, дарылоону бүт Айжан өзү жазып берди", - деп Назгүл маалымдады.

Назгүл Масалык маалымат каражаттары аркылуу дарыгер Айжан Турсунбаевага ыраазычылыгын билдиргиси келгенин кошумчалады.

Башкы бетте кардиолог Айжан Турсунбекованын сүрөтү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1392