Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусу сабалып, ооруканага түштү
RU

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусу сабалып, ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусу сабалып, ооруканага түштү. Облустук милициядан кабарлашкандай, шектүүлөр колго түшүрүлдү.

Маалым болгондой, милицияга Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-августка караган түнү болжол менен саат 03:30 чамасында Чок-Тал айылындагы "Солнышко" пансионатынын аймагында жайгашкан "Медуза" кафесинин ашпозчусун белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, сабаганын билдирген. Жабырлануучу Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну, ал алган жаракатынан улам райондук аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча 280-берене (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. экени такталды.

Сот тарабынан бөгөт коюу чарасы көрүлгөнгө чейин шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13933