Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун V туру башталды
RU

Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун V туру башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-августта жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун V туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, абитуриенттерди каттоо 16-август күнү сааат 14:00дө аяктайт.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I, II, III, IV турунда жалпы 21 миң 750 абитуриент кабыл алынды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо "Абитуриент онлайн" https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Жогорку окуу жайларга онлайн режиминде кабыл алуу нускамасы:

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13934