Казакстан өнөр жайлык масштабда банан өстүрө баштады
RU

Казакстан өнөр жайлык масштабда банан өстүрө баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Түркстан облусунда банан өнөр жайлык масштабда өстүрүлө баштады. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, түркиялык GenGroup Qazaqstan компаниясы аймакта 5,3 гектар аянтты ээлеген күнөскана комплексин куруп, ага банан көчөттөрү отургузулган. Банандын сорту атайын өстүрүлүп, Казакстандын климаттык шартына ылайыкташтырылган, деп айтылат маалыматта.

Жакынкы келечекте күнөскана дагы 5 гектарга кеңейтилип, жылына 1000 тоннага жакын банан өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биринчи түшүмдү 6-8 айда жыйнап алуу пландалууда. Күнөсканаларда помидор, кулпунай да өстүрүлөт.

"Долбоордун биринчи этаптагы баасы 4 миллион долларды түзөт. Курулуш учурунда түрк компаниясы жогорку бекем конструкцияларды пайдаланган, күнөсканалар климатты көзөмөлдөө жана өсүмдүктөрдүн генетикалык потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берүүчү адаптациялык тамактануу системасы менен жабдылган. Ал аба ырайынын эң ыңгайсыз шарттарында да банандардын өсүүсүнө жардам берет", - деп айтылат коңшу республиканын айыл чарба министрлигинин маалыматында.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13939