Бишкектеги "Эски толчок" базарында 4 дүкөн, 2 цех күйдү. Видео
RU

Бишкектеги "Эски толчок" базарында 4 дүкөн, 2 цех күйдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Эски толчок" базарында өрт чыгып, 4 дүкөн, 2 цех күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Такталгандай, 14-августта саат 00:30 чамасында базардын аймагында өрт чыккан. Анда курулуш материалдарды саткан 3 дүкөн, пластик терезе чыгарган 2 цех, кийим саткан 1 дүкөн күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жана штаб, ИИМден 2 экипаж жана РЭТтен 1 бригада тартылган.

Тартылган күч-каражаттардын жардамында өрт саат 01:32де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13940