Россияда кыргызстандык үй-бүлөгө блогер унаа тартуулады
RU

Россияда кыргызстандык үй-бүлөгө блогер унаа тартуулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык белгилүү блогер Михаил Тимочко кыргызстандык үй-бүлөгө жарым миллион рублдук унаа белек кылды. Блогер баттлга катышып, финалдык тапшырманы аткарганы тууралуу видео менен бөлүштү.

"Финалдык тапшырмада көчөдөгү эле бейтааныш адамга унаа белек кылуу. Мен өмүрүмдө мындай кылган эмесмин. Унааны 550 000 рублга (болжол менен 506 000 сом), сатып алдым", - деген ал Instagram баракчасында.

Андан кийин блогер көчөдө баласын коляскага салып сейилдеп жүргөн үй-бүлөгө жолугуп калган. Алар Россияга Кыргызстандан жакында эле барганын айтышкан. Түгөйлөргө унаанын ачкычы менен документин тапшырган.

Кийинчерээк белекке унаа алган Айдана Бекмамбетова Instagram баракчасына пост жазып, ыраазычылыгын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13955