Улукбек Марипов: Паспортун кризиси толугу менен чечилди
RU

Улукбек Марипов: Паспортун кризиси толугу менен чечилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-майдан тартып паспортко документтер кабыл алына баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Facebook'тагы түз эфири учурунда билдирди.

"Паспортук кризис маселеси толук чечилди. 3-майдан тарта документтерди кабыл ала баштайбыз", - деди премьер-министр.

Эске салсак, быйыл Кыргызстан паспорттук кризиске кептелген болчу, анткени Калкты каттоо кызматы документтерди өндүрүү процесисн калыпка келтире алган эмес. Ведомство мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жарамдуу убактысын создуруп, бланктардын запасын чукул көйгөйлөргө байланыштуу чет өлкөгө чыгып жаткан жарандар үчүн гана колдонулуп жаткан. Өкмөт көйгөй май айына чейин чечилет, деп убада берген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1395