Лазат Нуркожоева көркөм тасмага тартылууда
RU

Лазат Нуркожоева көркөм тасмага тартылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстан сулуусу-2020" наамынын ээси Лазат Нуркожоева тасмага тартылууда. Мындай жаңылыгы менен ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Айтымында, кыргызстандык спортчу Нуриса Мамбеталиеванын өмүр бейнеси тууралуу "Taekwondo" аталышындагы көркөм тасманы тартуу иштери башталды.

"Тасма таэквондо боюнча дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык спортчулардын тарыхын баяндайт. Тартуу иштеринин биринчи күнү башталды. Жакында Кореядагы Дүйнө чемпиондугуна учабыз", - деп жазды ал.

Белгилесек, тасманын режиссёру Медин Учкеев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13961