Айза Уландын өлүмү боюнча агасы Ташиевге кайрылып, тергөөчүгө иш козгоону өтүндү
RU

Айза Уландын өлүмү боюнча агасы Ташиевге кайрылып, тергөөчүгө иш козгоону өтүндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кырсыктан каза болгон ИИМ Академиясынын курсанты Айза Уландын бир тууган агасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кангелди Батырбековго шалаакылык, кутумчулук жана жашыруу фактысы боюнча иш козгоону суранды. Бул тууралуу маркум кыздын жакындары билдирди.

Аталган жаран УКМКга тиешелүү арыз менен кайрылган. Анын айтымында, "кызматтык милдетине шалаакылык кылгандыктан" тергөөчү күбө У.Н.А.ны расмий түрдө суракка алып, андан соң ага жөө жүргүнчүнү сүзүү фактысы боюнча айып тагылган.

"Тергөөчүнүн формалдуу сурак жүргүзгөндүгү прокурордун, тергөөчүнүн жана башкалардын ишине ар кандай формада кийлигишүү фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдарын бөлүштүрүү жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн. Кийинчерээк тергөө учурунда Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөөчүлөрү кырсыкка айыпталуучунун уулу себепкер болгонун аныктап, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Мындан тышкары, тергөөчү менен айыпталуучунун ортосунда кандайдыр бир сүйлөшүү дагы болушу мүмкүн. Балким, айыпталуучунун баласын кылмыш ишинен четтетип, бардык күнөөнү атасы алсын деген максат менен", - деди маркумдун бир тууганы.

Камчыбек Ташиевден бул арызды көзөмөлгө алып, шалаакылыгы үчүн тергөөчүнү кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранабыз. Шалаакы мамилесинен улам бейкүнөө адам жазаланып жатат.

Эске салсак, 9-январда ИИМдин Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза Улан жолдон өтүп бара жаткан жеринен айдоочу кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бишкек шаарынын прокуратурасы ИИМдин Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза Уландын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жол кырсыгынан күнөөлүү болгон мурдагы милицияны кармаган. Белгилей кетсек, ал башкы шектүүнүн атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13962