Temirov Live: Камчыбек Ташиев жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөбөйт
RU

Temirov Live: Камчыбек Ташиев жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол эрежесин бузгандардын арасында УКМКнын автоунаалары, тагыраак айтканда, комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтык унаасы бар жана алар үчүн айып төлөнө элек. Мындай маалыматты Темиров Live журналисттери билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте 170 унаа бар экени белгилүү болду. Мисалы, 01KG744AC номурлуу "Foton" маркасындагы автомашина 11 000 сомдук беш эреже бузууга жол берген. Бардык эреже бузуулар ылдамдыкты жогорулатуу болгон. Ошондой эле УКМКга таандык 01KG736AC мамлекеттик номурлуу Renault Duster унаасы ылдамдыкты 4 жолу ашырып, жолдун сызыгын бир жолу кесип өткөн. Бул үчүн айыптын суммасы 7 миң сомду түзөт. Айып пулдар 2019-жылдан бери төлөнбөй келет.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин наамында бир дагы унаа жок, бирок анын 01KG007AC номурлуу Toyota Land Cruiser 300 кызматтык унаасы бар. Бул унаада эки эреже бузуу бар, айыптын суммасы 6500 сомду түзөт. Эки эреже бузуу тең катуу ылдамдыкты нормадан ашырып айдоо үчүн болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13966