Транспорт министрлигинин жетекчиси ишке эрте чыкпаган жол куруучуларды урушту
RU

Транспорт министрлигинин жетекчиси ишке эрте чыкпаган жол куруучуларды урушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев курулушчулар жумушка кечигип киришкени үчүн подрядчыны урушту. Анын видеосу департаменттин Фейсбуктагы расмий баракчасында жарыяланды.

Маалым болгондой, бул пландан тышкары текшерүү: министр Балыкчы - Барскоон - Каракол унаа жолун (Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги негизги жол) реконструкциялоо иштери кандай жүрүп жатканын текшергиси келген. Саат 07:00дө келип, куруучулардан эч кимиси жок экенин көргөн.

Министр подрядчыдан жумушту саат 06:00дө баштоону жана жолду чаңдан арылтуу үчүн сууну убагында чачууну талап кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13967