Аламүдүндө жаңы үйлөнгөн түгөйлөргө нике кыйган имам кармалды
RU

Аламүдүндө жаңы үйлөнгөн түгөйлөргө нике кыйган имам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган деп айылдын имамы кармалды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы (1960-жылы туулган Э.Р.) 2005-жылы туулган Б.М. жана 1995-жылы туулган Ш.Х. аттуу жарандарга нике кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факты Аламүдүн РИИБине катталып, 175-беренеде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

Тергөө учурунда 1960-жылы туулган Э.Р. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13975