"Халык Банк Кыргызстан" 670тен ашык компанияны 13,2 млн долларга каржылады
RU

"Халык Банк Кыргызстан" 670тен ашык компанияны 13,2 млн долларга каржылады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Халык Банк Кыргызстан" өлкө экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, бул жаатта жигердүү кызматташканы үчүн USAID`дин сыйлыгына татыды.

"Халык Банк Кыргызстан" ААКсы жана ACDI/VOCA 2019-жылдан бери USAID`дин "Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана" долбоорунун алкагында тыгыз кызматташып келет. Анын алкагында банк айымдардын ишкердигин колдогон төмөнкү пайыздык чен менен насыя берүү боюнча продуктту иштеп чыкты.

Бул убакыт аралыгында "Халык Банк Кыргызстан" 670тен ашуун компанияны жалпы суммасы 13,2 млн долларга каржылады. Насыялоо программасынын негизги миссиясы - аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жеткиликтүү инструменттерди сунуштоо.

"Халык Банк Кыргызстан" ААКсы эмне үчүн айымдардын ишкердигин колдоону тандады?

"Халык Банк Кыргызстан" Казакстандын Halyk Group ири банкынын туунду компаниясы болуп саналат. Halyk Group карманган туруктуу өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири – гендердик теңчиликти колдоо, аялдардын жана кыздардын укуктарын кеңейтүү. Белгилей кетсек, Halyk Group тек гана каржы институту эмес, ESG тажрыйбасын илгерилетүүдө алдыңкы ролду көрсөткөн уюм жана ESG рейтингин алган биринчи банктардын бири (компанияны баалоо критерийлери экологиялык, социалдык жана башкаруу маселелерин камтыйт). Банк Казакстандагыдай эле Кыргызстанда дагы биринчи болуп бүтүндөй каржы сектору үчүн өзүнчө туруктуулук отчётун чыгарган.

Банктын долбоор менен кызматташуусу өлкөдөгү ишкердикти ийгиликтүү өнүктүрүүгө жана колдоого алып келди. "Биздин "Халык Банк Кыргызстан" менен болгон кызматташуубуз долбоор иштеп жаткан мезгилде өзгөчө аялдарга насыя берүү жакшы көрсөткүчкө ээ экендигин көрсөттү. Бул алардын көз карандысыз бизнеске жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө болгон жогорку потенциалын далилдейт", - деп сыймыктануу менен айтышат USAID долбоорунун өкүлдөрү.

Жеке бизнести алдыга жылдыруу оңой эмес, "Халык Банк Кыргызстан" жана USAIDдин "Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана" долбоорунун биргелешкен жардамы аркасында ишкерлер өз идеяларын ишке ашырып, бизнесин өнүктүрүүгө жана ийгиликке жетише алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13979