Пенсионер апаны кызы менен небереси үйдөн кууп жатышат. Жүрөктү ооруткан видео
RU

Пенсионер апаны кызы менен небереси үйдөн кууп жатышат. Жүрөктү ооруткан видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Бишкектин тургуну Улан Айнидинов кайрылган. Анын айтымында, бир тууган эжеси өзүн жана апасын үйдөн кууп салды.

Айнидинов берген маалыматка ылайык, 2013-жылы анын апасы, 1955-жылы туулган Джамалкан Эгимбаева өзүнүн үч бөлмөлүү батирин сатып Кара-Жыгачтан үй алган. Андан кийин Джамалкан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде үйдү кызы Аселдин атына жаздырат.

2019-жылы Асель үйдү өзүнүн уулу Мирлан Талант уулуна мурас катары өткөрүп берет. Бирок, бул тууралуу апасына да, бир тууганы Уланга да айткан эмес.

Джамалкан Эгимбаева үй небересине жазылганын соттон үйдү бошотуп берүү тууралуу билдирүү келгенде гана уккан.

"Апабыз үчөөбүздү жалгыз өстүрдү. Атабыз эрте эле кайтыш болуп кеткен. Ар бирибизде экиден жогорку билимибиз бар. Ага мындай мамиле жасалбаш керек болчу", - дейт Улан Айнидинов.

2020-жылдын 6-октябрында (октябрь окуялары болуп жатканда) Октябрь районунун судьясы Чынгыз Адамкулов 66 жаштагы пенсионерди жана Улан Айнидиновду башка турак жай бербей туруп үйдөн көчүрүп чыгуу чечимин чыгарат.

Сот, арыздануучу Мирлан Талант уулунун, айыпталуучу Улан Айнидинов менен Джамалкан Эгимбаева спирт ичимдиктерин ашкере ичет деген айыптоосу чындыкка дал келбей турганын аныктаган. Ошондой эле, сот, Улан Айнидинов иштейт, ал эми Джамалкан Эгимбаеванын пенсиясы бар экенин да аныктайт.

"Апамды үйдөн чыгаруу үчүн эжем менен жээним колдорун скотч менен таңып, оозуна арак куюшкан экен. Ошону менен аны ичкен киши катары көрсөткүлөрү келишкен. Сотто да, ар дайым ичет, деген кине коюп, кошуналарга кайрылып, күбө болуп берүүсүн суранышкан. Бирок эч кимиси макул болгон эмес. Анткени, апамдын ичпей турганын, өмүр бою медайым болуп иштегенин жакшы билишет", - деп Айнидинов айтып берди.

Улгайып калган аял кызы менен небересине каршылык көрсөтө албайт. Бир нече жолу операция болуп, ашказанын жарымын кестирген, жатыны алынган, андан тышкары инсульт алып, үчүнчү даражадагы гипертония оорусунан жабыркайт.

"Сотто, эжем үйгө акчаны өзү иштеп тапканын айтыптыр. Бирок, ал 2007-жылга чейин эч жерде иштеген эмес. Атактуу режиссер Б.Ш. аны, дачамды өрттөдү - деп айыптап чыккан. Ошол кезде, апам экөөбүз ага жардам берип, көп акча коротконбуз", - дейт Улан.

2021-жылдын 8-апрелинде сот аткаруучу милициянын жана эки адвокат Алия менен Зульфия Сагитовалардын коштоосунда келген.

"Сот аткаруучулардын келгенине карабастан адвокаттар Алия менен Зульфия Сагитовалар кары апаны үйдөн сүйрөп чыгып, үйдүн жанында милициянын унаасы жана тез жардам турганына карабастан өз машинесине салуу аракетин көрүшкөн", - деп Айнидинов маалымдады.

Ошондой эле, Айнидиновдун айтымында, Октябрь ИИБсинин тергөөчүсү Алтынбек Примкулов бул факт боюнча тергөө ишин токтоткон экен. Тергөөчүнүн пикири боюнча, бул иште кылмыштуулуктун курамы жок. Бирок башында, КЖБРге "Алдамчылык" беренеси менен катталган болчу.

Андан кийин Айнидинов райондук прокуратурага кайрылып тергөөчүнүн иш алып баруусуна даттанган. Октябрь районунун прокуратурасы иштин материалдарын карап чыгып, тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарып, иштин материалдарын кайрадан ошол райондун ИИБсине жөнөткөн.

"Тергөөчү ишти жапканын өзүбүз запрос жасагандан кийин гана билдик. Башкача айтканда, ал бул тууралуу бизге билдирген эмес. Прокуратура ишти кайра жандандыргандан бери тергөөчү ишти атайын создуктуруп жаткандай. Менин оюм боюнча, ал эжемдин адвокаттары менен макулдашып алышкан", - деп Айнидинов сөзүн жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, редакция Асель Айнидинова менен байланышканда, азыр бош эместигин айтып "бир сааттан кийин чалам" деген. Редакция макаланы жарыялоого даярданып жатканын билдиргенде, Асель "бул силердин укугуңар" ("Это ваше право") деп жооп берген. Ошого карабастан редакция бул маселе боюнча Асель Айнидинованын жана анын уулунун позициясын угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1397