Ысык-Көлдө скутер берүүчү менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыкты
RU

Ысык-Көлдө скутер берүүчү менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү пляждардын биринде скутерди ижарага бергендер менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыкты. Видео инстаграмдагы "Безпредел" баракчасына жарыяланды.

Маалым болгондой, алар Радуга Вест пансионатынын жанындагы жээкте мушташкан. Kaktus.media сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, мушташ 16-август күнү кечинде болгон.

"Бул окуя боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө саат 19:00дөр чамасында билдирүү түшкөн. Мушташка катышкан скутерди ижарага бергендердин өздүгү такталды.

Алардын айтымында, эс алуучулардын бири скутер минип, анын моторуна суу киргизип алган. Кийин оңдоо иштерине акча төлөп берүүнү убада кылган. Бирок жээкке чыкканда баш тарткан. Натыйжада алардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган.

Эс алуучулардын өздүгү да такталды: алар учурда көрсөтмө берип жатышат.

Скутерди ижарага бергендер бул окуя боюнча суракка алынып, көрсөтмөлөрүн алуу үчүн айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деп билдиришти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13984