Аял дааратканада төрөгөн. Ымыркайды ажааткананын аңынан алып чыгышкан
RU

Аял дааратканада төрөгөн. Ымыркайды ажааткананын аңынан алып чыгышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракет кылган аял бир жыл пробациялык көзөмөлгө алынды. Өкүм Жогорку Соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөнү өзгөртүлдү.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2023-жылдын март айында Ноокен районунун Нартиза аттуу тургуну ажатканада төрөп, андан соң жаңы төрөлгөн ымыркайды ажааткананын аңына ыргытып жиберген. Бала аман калган. Ымыркайдын ыйын Нартизанын тууганы угат. Наристени алып чыгууга кошуналар жардам беришкен. Ал учурда аялдын күйөөсү Россияда иштеп жүргөн.

Экспертиза баланын эч кандай олуттуу жаракаты жок экенин көрсөткөн. Эксперттер Нартизадан психикалык оорунун белгилерин табышкан эмес.

Сот отурумунда аял күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, конокторду тосуп алууга жардам берүү үчүн апасынын үйүнө келген. Ажатканага барсам ичи ооруп, бир аздан кийин бала пайда болду. Нартиза наристе ажааткананын чуңкуруна түшкөндө эч нерсе кылганга үлгүрбөй калганын айтат. Айыпталуучунун айтымында, ал эч кандай үн чыгарбагандыктан, ал бала өлдү деп чечкен. Бала кийинчерээк ыйлап, анан анын тууганы угуп, ал кошуланалары менен ымыркайды тирүу сактап калышкан. Нартиза ага катуу жаза колдонбоону суранды, анткени анын (жаңы төрөлгөндөн тышкары) үч баласы бар.

Ноокен райондук соту аялды күнөөлүү деп таап, бир жылдык мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: vse42.ru.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13998