Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.

Жер титирөө 17-августта саат 19:45те болгон. Анын эпкини Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында жана Кара-Чолок айылында 4 балл, Жалал-Абадда 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14003