Бишкектеги 4-шаардык оорукананын аймагында эки цех күйүп кетти (видео)
RU

Бишкектеги 4-шаардык оорукананын аймагында эки цех күйүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-августта саат 07:00дөр чамасында 4-шаардык оорукананын жанындагы жеке менчик үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окурмандар билдиришти.

ӨКМ билдиргендей, эртең менен көчөдөгү барак тибиндеги үйдүн ичиндеги нан жана жыгач иштетүүчү цехтерден өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бригада тартылган. Кийинчерээк аларга дагы бир өрт өчүрүү кызматы кошулган.

Саат 08:13тө өрт курчоого алынып, саат 10:42де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 600 м чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14008