Улукбек Марипов: Аз камсыздуу үй-бүлөлөргө суу май жана шекер таратылат
RU

Улукбек Марипов: Аз камсыздуу үй-бүлөлөргө суу май жана шекер таратылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө өкмөт шекер жана суу май таратууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде, түз эфир учурунда Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында РФтен шекер жана суу май сатып алууга каражат бөлгөн. Кыргызстан 3 тонна шекер жана 1 миллион литр суу май буюртма берген. Бүгүнкү күндө республикага суу май 392 тонна, ал эми шекер 338 тонна келип түштү.

"Булар сатыкка базар баасынан төмөн болуп чыгарылат же аз камсыздалган үй-бүлөлөргө таратылат", - деди премьер-министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1400