Садыр Жапаров 20-августта Будапештке иш сапары менен барат
RU

Садыр Жапаров 20-августта Будапештке иш сапары менен барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 20-август күнү Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.

Өлкө башчы Венгриянын улуттук майрамына жана 19-29-август аралыгында өтө турчу жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке байланыштуу иш-чараларга катышаарын белгилүү болду.

"Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт", - деп айтылат билдирүүдө

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14015