Параплан менен учуп бараткан турист капчыгайга кулап түштү
RU

Параплан менен учуп бараткан турист капчыгайга кулап түштү

Все самое интересное в Telegram

Аламүдүн районунда параплан менен учуп жүргөн турист Арашан капчыгайына кулап туштү. Ага тиешелүү жардам көрсөтүлгөнүн ӨКМдан кабарлашты.

20-августта саат 23:55те куткаруучуларга К.П. аттуу 48 жаштагы жаран параплан менен учуп жүрүп, кулаганы тууралуу маалымдалган.

Издеп-куткаруу иштерине куткаруучулар чыккан. Бүгүн, 21-августта Россиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14043