Тоо боорундагы күнөскана. Айылдагы жаштар жумушсуздук менен кантип күрөшүүдө?
RU

Тоо боорундагы күнөскана. Айылдагы жаштар жумушсуздук менен кантип күрөшүүдө?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ала-Баш районунун Ала-Баш айылынын тургуну Улан Токочбаев тоо бооруна күнөскана жасаган. Kaktus.kg редакциясы жерине барып, айылдын тургуну менен таанышып кайтты.

Улан Токочбаев 4 баланын атасы. Айылда жумуш жок былтыр кичине күнөскана жасаган. Быйыл ал күнөскананы кеңейтип, бадыраң, помидор өстүрүп, айылын гана эмес, райондун башка айылдарына сатууга аракет көрүүдө.

"Эми, айылда жумуш жок деп ичип кеткендин ордуна күнөскана жасоону чечтим. Биогумус даярдап, дары сеппей, табигый таза өлтүрүп, айылды камсыздайын дедим.

Болбосо, айыл жашоочулары жашылча-жемишти тээ Балыкчы шаарынан алып келишет. Алар кандай шартта өсөт, ким кепилдик берет?", - дейт ал.

Жергиликтүү жашоочунун айтымында айылда жумуш дээрлик жок. Мал чарбачылык, дыйканчылык.

Ала-баш айылы тоонун боорунда бийик тоолуу аймакта жайгашкандыктан, суук болгону үчүн дыйканчылык пайда аз алып келет.

"Жумуш айылда жок. Эмне кылабыз? Акырындык менен оокат кылалы деп жатабыз. Кымбатчылык бул болсо, балдарды багыш керек да.

Быйыл бир аз тажрыйба топтоп калдым. Эмки жылы кеңейтип, жылууласам, кеч күнгө чейин түшүп алып келгендей кылайын деп жатам", - деп билдирди жергиликтүү жашоочу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14045