Аскар Акаев Владимир Путин күзүндө Кыргызстанга барарын билдирди
RU

Аскар Акаев Владимир Путин күзүндө Кыргызстанга барарын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Россиянын президенти Владимир Путин быйыл күзүндө Кыргызстанга расмий иш сапары менен барарын айтты. Бул тууралуу ал RT телеканалына берген маегинде билдирди.

"Путиндин күзүндө Кыргызстанга боло турган расмий сапарын баары күтүп жатышат. Бул 2003-жылы Канттагы авиабазанын ачылганынын 20 жылдыгына байланыштуу", - деген Аскар Акаев.

Орус президентинин иш сапарынын так күнү белгисиз. Болжол менен Владимир Путиндин сапары октябрдын акыркы аптасына туура келиши мүмкүн. Анткени Канттагы авиабаза 2003-жылдын 23-октябрында ачылган.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 8-майында Кремлде өткөн жолугушууда президент Садыр Жапаров Владимир Путинди Кыргызстанга жооп иретинде расмий сапар менен келүүгө чакырган. Анын сунушу ыраазылык менен кабыл алынганы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14053