Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп калды. Айдоочулардын пикири
RU

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолуп калды. Айдоочулардын пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унаалар бир нече күндөн бери токтоп турат. Аталган пункттарда 500дөн ашык жүк ташуучу унаалар топтолуп калды.

Kaktus.media "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде болуп, учурда чек арадагы айдоочулардын абалы билип кайтты.

Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Казакстан Республикасынын бажысы Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын гана эмес, россиялык, белорустук, ал тургай өздөрү - казактардын унааларын өткөрбөй жатканын айтышат. Бир күндө бир нече гана жүк ташуучу унаалар өтүп жатат. Айдоочулар муну саясий чечим деп эсептешет.

Алардын бири: "Бизге Казакстандын чек арачылары Астанадан буйрук келгенин, балким, саат сайын бирден машине өтөт дешти. Бирок бир унааны 6 саатка чейин текшерип жатышат", - дейт.

Дагы бир айдоочунун айтымында, муну Кыргызстандын Казакстанга суу берүүнү токтоткону менен байланыштыргандар көп.

"Биз, карапайым эл кыйналып жатабыз. Башкача айтканда, эки мамлекет суу же баңгизат боюнча өз ара келише албай, макулдаша албай, жөн эле биздин кызыкчылыктарды манипуляциялап жатышат. Биз бул жерде туруп, телевидениеге чалып, ушунун баарын айтышыбыз керек", - деди ал.

Унаалар токтоп калгандыктан айрым айдоочулар чоң чыгымга дуушар болушат. Анткени өзгөчө тез бузулуучу продукцияларды ташыгандар бар. Мындан улам айдоочулар эки өлкөнүн бийликтери биринчи кезекте өз ара макулдашып, бир столго отуруп сүйлөшүүсүн суранышат.

Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын пикири

Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубев Казакстан унааларды өткөрбөй, көпкө кармоосунун себептерин түшүндүрбөй жатканын билдирди.

"Мен казак тарап мындай аракеттери менен Евразиялык экономикалык биримдиктин товарларды эркин алып жүрүү принцибин бузуп жатат деп эсептейм. Мындан тышкары алар ЕАЭБдин беделине шек келтирүүдө", - деди ал.

Чек ара кызматынын маалыматы

Кыргызстандын Чек ара кызматы "Ак-Тилек-автодорожный" көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны катталганын тастыктап, 21-август саат 18:30га карата Кыргызстандан чыгуу үчүн мамлекеттик чек арадан 370ке жакын унаа кезекте турганын билдирет.

Кыргызстандын Чүй аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү унаалардын жай өтүшүнүн себептери боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатышат.

УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилбегенин жана өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14054