Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалгандан кийин Интерполдон качып кетти
RU

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалгандан кийин Интерполдон качып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда адам өлтүргөн деп издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалгандан кийин качып кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ кечинде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Интерпол кызматкерлери Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелип Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашкан.

Шектүү Бишкекте кармалып, бирок табышмактуу жагдайда Интерполдун укук коргоо кызматкерлеринен качып кеткен.

Расмий тастыктоону талап кылган маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн адамды кармоо учурунда бир нече коопсуздук кызматкерлери болгон.

Учурда Ички иштер министрлигинде иликтөө иштери жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик: Zakon.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14069