Крим чөйрөдө Сакал аты менен жүргөн Улан Токтосунов Бишкектеги СИЗОго которулат
RU

Крим чөйрөдө Сакал аты менен жүргөн Улан Токтосунов Бишкектеги СИЗОго которулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Крим чөйрөдө Сакал каймана аты менен таанылган Улан Токтосунов Нарындагы СИЗОдон Бишкектеги СИЗО-1ге которулат. Бул туурасында жактоочу Бакытбек Жумашев Kaktus.media сайтына билдирди.

Адвокаттын айтымында, Улан Токтосунов Түркиядан өз ыктыяры менен учуп келип, аэропорттон кармалганда Нарын шаарындагы СИЗО-4кө киргизилген.

"Мен бир нече жолу аны СИЗО-1ге калтыруу өтүнүчү менен бардык органдарга кайрылгам, бирок чечим өзгөртүүсүз калган: Токтосуновду СИЗО-1ге жайгаштырса, анда бул абалды туруксуздаштырууга алып келет дешкен. Токтосунов менен жолугуу үчүн Нарынга барууга туура келген. Ал 17 жылга эркинен ажыратылып, жазасын Нарында өтөөнү уланткан", - дейт Жумашев.

Бирок адвокатка бир нече убакыт мурда телефон чалып, Токтосуновдун камерасына спецназдар кирип, аны СИЗО-1ге которорун айтышкан.

Туугандары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан, Башкы прокуратурадан жана бийлик өкүлдөрүнөн башка СИЗОго которбоону, Нарынга калтырууну суранышууда. Алар СИЗО-1ге которулса Дөө Чыңгыздын тагдырын кайталайбы деп чоочулашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14072