Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Мокинтош аттуу мүчөсү кармалды. Видео
RU

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Мокинтош аттуу мүчөсү кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримавторитет Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, ал алдамчылыкка шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, коопсуздук комитети тарабынан 209-берененин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

22-августта криминалдык чөйрөдө Мокинтош каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон, Ысык-Көл районунун Бостери айылынын "смотрящийи" аталган Майрамбек Мусадыров кармалды. Ал Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү.

М.Мусадаров 2020-жылы Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун жанынан жер тилкесин берүү убадалап жарандан 5000 доллар өлчөмүндө накталай акча каражатын жана "Ауди С4" үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Ал эми жогоруда айтылган жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген.

Учурда М.Мусадаров УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча иш-чалар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14075