Өлкөдөн 23 млн доллар алып чыгып кеткен жаран Мадагаскардан кармалды
RU

Өлкөдөн 23 млн доллар алып чыгып кеткен жаран Мадагаскардан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандарды кармады. Министрликтен билдиришкендей, соттон жана тергөөдөн жашырынып жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү.

  • Анын алкагында Интерпол менен Түркиянын укук коргоо органдары биргеликте атайын операция өткөрүп, 14-августта Бишкек шаарынын аймагынган 1979-жылы туулган О.Г. аттуу жаранды кармашты. Ал түрк полициясынын денесине оор залал келтирип, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Түркиянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.
  • 15-августта Интерполдун кайрылуусунун негизинде Казакстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда 1991-жылы туулган М.уулу Д. аттуу кыргыз жараны кармалган. Ал курал-жарак жана физикалык күч колдонуу менен каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кылмышкерлер Ж.К. жана К.М. аттуу жарандарга таандык 395 000 сом акча каражатын ээлеп алышкан.
  • Андан тышкары Интерполдун кайрылуусу менен Алматы шаарынын аэропортунан Кытай Эл Республикасынын жараны - 1978-жылы туулган С.Г. кармалды. Ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип жүргөн. Ошондой эле ал 2008-жылы республиканын финансы полициясы тарабынан издөөгө алынган. Ошол учурда мамлекетке келтирилген зыян 3 миллион сомдон ашкан.
  • Интерпол менен Башкы прокуратуранын биргелешкен ишинин натыйжасында 1983-жылы туулган С.А. Мадагаскар аралында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал Кыргызстандагы банктардын биринин кызматкерлери менен 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 млн АКШ доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14078