Салык кызматы "Дордойдогу" кампаларды текшерүүгө алды. Видео
RU

Салык кызматы "Дордойдогу" кампаларды текшерүүгө алды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык кызматкерлери "Дордой" базарындагы бир нече контейнерлерге мөөр басышты. Бул туурасында Kaktus.media сайтына окурмандар билдиришти.

Айтымдарында, соодагерлердин ишинде маселе жаралышы мүмкүн.

"Азыр сезон деп ишкерлер ири партиядагы товарларды сатып алышкан. Эми аларды кампалардан алып чыга албай жатышат. Бул соодага кедергисин тийгизет, ошол эле учурда салык төлөөгө дагы", - дешет окурмандар.

Кампаларга Салык кодексинин 59-беренесиндеги 17-пунктунун негизинде мөөр басылды. Аталган пунктка ылайык, салык көзөмөлүн жүргүзүүдө алар салыктык каттоосуз же патенттин негизинде салыкты төлөбөстөн же соода зоналарындагы иш-аракетке салык төлөбөстөн иш жүргүзгөн учурда салык төлөөчүнүн ишкердик ишинин объектилерине өзгөчө режим менен мөөр басышы мүмкүн.

Учурда базарда рейддик салык көзөмөлү жүрүп жатканын Салык кызматынан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14081