Вагнерчилер: "Пригожиндин өлүмү тастыкталса - Кремль колго алынат"
RU

Вагнерчилер: "Пригожиндин өлүмү тастыкталса - Кремль колго алынат"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Вагнер" жалданма аскерлеринин негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болгонун ар кандай россиялык маалымат булактары жазып жатышат. Бирок Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалыматты тастыктай элек.

Евгений Пригожиндин жеке учагынын Тверь облусунда абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлүшүнүн натыйжасында ал каза болгону, ошондой эле Россиянын Баатыры, "Вагнердин" туруктуу командири Дмитрий Уткин да каза болгону айтылды.

Учурда Евгений Пригожин менен Дмитрий Уткиндин учакка түшкөнүн жеке көргөн адамдардан башка эч кимде маалымат жок болчу. Көп өтпөй "Россия 24" каналы Евгений Пригожин каза болгонун расмий ырастады.

Бул арада Владимир Путин Курскту ыкчам тыштап кетүүгө аргасыз болду.

Ал эми "Вагнер" жалданма аскерлерине жакын Telegram-каналдары "Эгер Пригожиндин өлүмү тастыкталса - Кремль басып алынат", - деген маалыматтарды таратып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14091