"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болду
RU

"Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Вагнер" жалданма аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Тверь облусунда бизнес учагы кулап каза болду. Бул туурасында аталган аскердик компанияга жакын Gray Zone Telegram каналы билдирди.

Анда "Россиянын баатыры, өз мекенинин чыныгы патриоту Евгений Пригожин Россияга чыккынчылык кылгандардын аракеттеринен улам каза болгон" деп жазды.

Ошондой эле бир катар ЖМКлар жана Telegram каналдар өздүк булактарга таянуу менен "Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсүнүн өлүмү тууралуу кабарлашкан. Кремлчил "Царград" телеканалы Пригожин менен жалданма аскерлердин командири Дмитрий Уткиндин сөөгү "алдын ала идентификацияланган" деп ырастоодо. Телеканалдын маалыматына караганда, алар отурган учак жардырылды деп болжолдонууда.

Ал эми журналист Андрей Захаров Пригожиндин түзүмдөрүнүн кызматкерлерине "Вагнердин" негиздөөчүсү каза болгондугу тууралуу маалымат бериле баштады деп жазат.

Евгений Пригожинге таандык бизнес учак 23-август күнү кечинде ("Вагнердин" козголоңунан туура эки ай өткөндөн кийин) Тверь облусундагы Куженкино айылына жакын жерде кулап түшкөн.

Россиянын Тергөө комитети "Тверь облусундагы авиакырсык фактысы боюнча" жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана аба транспортун пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча кылмыш ишин козгоду. РБК маалымдагандай, тергөө бизнес учактын кыйрашынын ар кандай версияларын, анын ичинде "тышкы таасирди" карап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14095