Ошто бычактан жаракат алган кош бойлуу келин ооруканага түштү
RU

Ошто бычактан жаракат алган кош бойлуу келин ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто бычактан жаракат алган кош бойлуу келинди дарыгерлер куткарып калышты. Бул тууралуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, келин 23-августта төрөт үйүнө оор абалда туугандарынын коштоосунда жеткирилген.

"Ал кош бойлуулуктун 20-21 аптасында болгон. Бычактан көптөгөн жаракаттарды алган. Облустук ооруканадан бейтапка көп саатка созулган татаал операция жасалды", - деп билдирди төрөт үйүнөн.

Учурда дарыгерлердин айтымында, аялдын абалы туруктуу оор. Ал тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат. "Түйүлдүктү сактап калууга мүмкүн болгон жок", - дешти дарыгерлер.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: wallpapers.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14097