Жалал-Абадда СИЗОнун жетекчисинин орун басары кармалды. Видео
1967
УКМК тарабынан Жалал-Абаддагы №53 жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Ал жумушка орноштурам деп жарандан акча алганы айтылат коопсуздук комитеттин маалыматында.
Белгилүү болгондой, 17-августта УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анда арыз ээсине 25000 сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда Юстиция министрлигине караштуу СИЗО-53түн ыкчам бөлүмүнүн башчысы И.А.С. кармалган.
slide 2 of 3
Учурда кармалган кызматкер УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14101