Кербен-Таш-Көмүр жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти (сүрөт)
RU

Кербен-Таш-Көмүр жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 23-августта Жалал-Абад облусунун Аксы району аркылуу өткөн Кербен-Таш-Көмүр унаа жолунун 8-9-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуядан улам жол жабылды. Маалым болгондой, кырсык болгон жердин айланасына күйүүчү май төгүлүп, 8 метр куб мазут жана 15 гектар куураган чөп күйгөн.

Саат 16:02де окуя болгон жерге Аксы райондук №70 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Саат 16:38де өрт курчоого алынып, саат 18:07де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14108