Биринчи Май районунун акими вице-мэрдин милдетин убактылуу аткарат
RU

Биринчи Май районунун акими вице-мэрдин милдетин убактылуу аткарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май районунун акими Максат Сазыкулов вице-мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Маалыматты Kaktus.media сайтына аким өзү ырастады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, вице-мэр Мурат Осмонов ден соолугуна байланыштуу иштеген жок. Мындан улам анын милдетин убактылуу Сазыкулов аткарып, ошол эле учурда акимдик кызматын уланта берет.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров болжол менен эки апта мурда кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14112