31-августта "Ала-Тоо" аянты унаа кыймылы үчүн жабылат
RU

31-августта "Ала-Тоо" аянты унаа кыймылы үчүн жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Бишкектин "Ала-Тоо" аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашты.

31-августта "Ала-Тоо" аянтыда майрамдык иш-чара өтөт. Буга байланыштуу саат 17:00дөн 00:00гө чейин Чүй кең көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14123