Бишкекте эгемендүүлүк күнү кандай белгиленет? Программа
RU

Бишкекте эгемендүүлүк күнү кандай белгиленет? Программа

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ош шаарында өтөт. Ал эми Бишкектин 4 районунда жана "Ала-Тоо" аянтында да иш-чаралар уюштурулат.

Бишкек шаардык мэриясы иш-чаралардын программасы менен тааныштырат.

  • 31-августта кечки саат 19:00дө борбордук "Ала-Тоо" аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык шоу-концерт өткөрүлөт.

Ленин районунда

  • 31-августта саат 10:00дө Ак-Өргө, Арча-Бешик жаңы конуштарында, Ю.Фучик атындагы сейил багында - аркан тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шашки түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Октябрь районунда

  • 31-августта саат 10:00дө "Ден-соолук" сейил багында кичи-футбол, волейбол, балдардын жеңил атлетикасы, стритбол, эстафета, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш, тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлөт;
  • 31-августта Д.Асанов атындагы паркта – эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш, ордо, тогуз-коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат;
  • Саат 18:00дө Д.Асанов атындагы сейил багында тамактардын, музыканын жана суусундуктардын FOODFEST 2023 фестивалы өтөт. Иш-чара Horeca Plus, "Coca-Cola Кыргызстан" тарабынан өткөрүлөт;
  • Саат 15:00дө "Ынтымак-2"сейил багында кайрымдуулук жарманке өткөрүлөт (Хенд мейд, тасмаларды көргөзүү, толкинг клаб ж.б.).

Биринчи Май районунда

  • 29-августта саат 10:00дө Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемесинде театралдашкан "Кыргыз жерим асыл мурасым" концерттик программа уюштурулат;
  • 31-августта (болжол менен саат 14:00) Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде кичи концерттик программанын коштоосунда балдар аянтчасынын ачылышы пландалууда;
  • 31-августта саат 12:00дө "Коломто" муниципалдык мекемесинде майрамдык түшкү тамак уюштурулат;
  • 31-августта саат 10:00дө Калыс-Ордо, Көлмө жаңы конуштарында, "Жаштар" сейил багында ордо, шахмат, аркан тартыш, тогуз-коргоол, үстөл тенниси түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Свердлов районунда

  • 30-августта саат 10:00дөн 13:00гө чейин "Каражыгач" сейил багында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Парктын аймагы шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнөт -маданият, көңүл ачуу оюн зооктору, ден-соолук жана спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы, анда бир убакытта майрамдык жана көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.
  • 31-августта саат 10:00дө №11 орто мектептин базасында, "Каражыгач" багында, Энесай жаңы конушунда, Учкун кичи районунда тогуз коргоол, эстафета, аркан тартыш, ордо, таяк тартыш, кичи футбол, үстөл тенниси боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата билим берүү уюмдарында стенддер орнотулат, класстык сааттар өткөрүлөт. Балдардын чыгармачылык борборлорунда "Мекеним менин Кыргызстан!" деген темада концерттик программалар жана мастер-класстар өткөрүлөт.

Ошондой эле эгемендүүлүк күнгө карата иш-чаралардын алкагында мал союуга тыюу салуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14135