Хабаровскто кыргызстандыкты кармоо учурунда жарадар кылышкан. ТИМ окуянын чоо-жайын айтты
RU

Хабаровскто кыргызстандыкты кармоо учурунда жарадар кылышкан. ТИМ окуянын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Хабаровск шаарындагы автобекетте укук коргоо кызматкерлери 20 жаштагы кыргызстандыкты ок атуучу курал менен жарадар кылышкан. Бир катар маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ал күч органдарынын талаптарына баш ийбей, ФСБнын кызматкерин унаасы менен сүзүп кеткен.

Окуя 24-август күнү болгон. Анда күч органдары рейдден качып бараткан мигранттын айынан ок чыгарган. Ал унаасы менен качууга аракет кылып, ФСБнын кызматкерин сүзүп кеткен. Бирок Росгвардиянын кызматкерлери ок чыгарып, мигрант жарадар болгон.

Бул окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 26-августта маалымат берди.

Анда Россия Федерациясынын укук коргоо органдары 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны С.Р.нын уруксат кагаздарын текшерүүгө аракет кылган дейт.

"Кыргызстандык жаран унаасы менен качып кетүүгө аракет кылып, келген өлкөнүн укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп кеткен. Аталган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында курал колдонулуп, натыйжада С.Р. октон жаракат алып, камакка алынган. Азыркы учурда С.Р. оор абалда ооруканада жатат", - дешти ведомстводон.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Хабаровск аймагы боюнча тергөө органдары тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренесинин (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган адамга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси жана Хабаровск шаарындагы консулу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн С.Р.нын жакындары менен байланыш түзүштү.

Министрлик чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын барган мамлекетинин мыйзамдарын так сактоо чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14139