Садыр Жапаровдун Telegram-каналы көз карандысыз ММКларды бузукулар деп атады
RU

Садыр Жапаровдун Telegram-каналы көз карандысыз ММКларды бузукулар деп атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн чагылдырган Telegram-канал таблицаны жарыялап "Бузукулардын схемасы" деп атады.

Анда түрдүү ММКлар, уюмдар тезмектелип, таблицанын автору аларды батыштан каржыланган деструктивдүү күчтөр, деп атайт. Буга чейин бул таблица Садыр Жапаровду колдогон группаларга жарыяланып келген.

Белгилей кетсек, президенттин басма сөз кызматы, журналисттердин "Кайсы аккаунттар Садыр Жапаровго таандык, кайсылары фейк болуп саналат?" - деген суроосуна жооп бере элек. Бирок буга чейинки кайрылуулардын бардыгы, анын ичинде расмийлери да ушул Telegram-каналга жарыяланчу жана президенттин басма сөз кызматы аларды төгүндөчү эмес.

Бул таблица "Дело№" гезитинин иллюстрациясы.

Эми провакациялык пост Telegram-каналга да чыкты. Адатта, ага Садыр Жапаровдун кайрылуулары чыкчу.

Эмне үчүн бул маалымат маанилүү?

  • Президент көз караныдсыз ММКларга өзүнүн негативдүү мамилесин жашырган жок. Ал көп ирет, анын ичинде "Азаттыкты" да анын сөздөрүн бурмалап жатат, деп айыптаган. Октябрь айындагы митингдер жүрүп жатканда Жапаровдун тарапташтары бир нече редакцияны талап-тонойбуз, деп коркутушкан. Журналисттердин айтымында, мындай көрүнүш Кыргызстандагы сөз эркинидигине коркунуч туудурат.
  • Бийлик бардык көз карандысыз ММКларды өзүнүн карамагына алгысы бар. Буга чейин түрдүү мыйзам долбоорлор аркылуу эл аралык уюмдар жана жарандык сектордун ишмердүүлүгүн чектөө аракети көрүлгөн. Бирок, коомчулук каршы пикирин билдиргендиктен бийлик ал мыйзамды кабыл ала алган жок. Учурда ошол аракеттерди кайрадан жандандыруу байкалып жатат. Жаңы Конституцияда ага таандык нормалар каралган. Алар коомдун баалуулуктарны жана моралдык принциптерин коргоо шылтоосу менен жарандык коомдун иш аракетине чектөө коюшу мүмкүн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1413