Садыр Жапаров баласы Рустам кандай иш менен алектенип жатканын айтты
RU

Садыр Жапаров баласы Рустам кандай иш менен алектенип жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Ысык-Көлдөгү спорт комплексинин курулушун уулу Рустам Жапаров көзөмөлдөйт деген маалыматты тастыктады. Бирок Рустам Жапаров кандай макамда көзөмөл жүргүзүп жатканы белгисиз.

Буга чейин "Политклиника" медиасы "Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар" аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда УКМК Аврора плюстагы кымбат баалуу мүлктүн мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алынышы боюнча кылмыш ишин козгогону айтылат. Буга байланыштуу бир топ адамдар, анын ичинде "СК Девелопмент" компаниясынын жетекчиси Алексей Конев бар экени белгиленген. Ушул компанияга, анын жетекчиси А.Коневге жана анын айланасындагы күмөндүү жагдайларга Рустам Жапаров, жакын адамы Арзыбек Бурхановдун кандай байланышы бар экени тууралуу сөз болгон.

Иликтөө боюнча президент буларды айтты.

"Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. "Керемет банк" өзүңөр билесиңер мамлекеттик банк. Кредиттин баарын толук төктүрдүк. Аврора плюстагы Максим Бакиевдики делген 4 коттеджди, 33 квартиранын баарын мамлекетке өткөрүп алдык. 2010-жылдан бери аттарын атабай эле коёюн үлкөн чиновниктер рейдерлик кылып ээлеп олтурушуптур. Азыр толугу менен мамлекеттин менчиги болуп калды. Ошентип иликтөөлөрдүн негизинде "СК Девелопмент" деген компаниясы Кош-Көл айылына гольф клуб салам деп 92 гектар жерди конкурстан утуп алыптыр. Ал жерди киши жиберип текшертсем тагдыры Жогорку Нарын ГЭС каскадынын тагдырын кайталаганы калыптыр. "Бисмилла" деп иш баштаганда эле курулуштун баасын 10 эсеге чейин жогору көрсөтүп кура башташкан экен. Дагы жакшы курулуш жаңы башталган экен. Эч нерсе салына элек. Жер түздөө иштери гана жүрүп жаткан. Дароо токтотуп калдык. Эгер тим койсок бир эки имаратты бир миллион долларга салып туруп, курулушту токтотуп коюп 10 миллион долларга салдым, ким катышам десе же сатып алам десе 10 миллион бергиле деп олтура бермек. Ошентип ал жер да Жогорку Нарын каскад ГЭСиндей болуп биздин мамлекеттин мойнуна илинмек. Биз азыр ошол Нарын ГЭС боюнча 40 миллион доллардан ашык сумма Россияга карызбыз. Эл аралык соттон утулганбыз.

Анан ушул сыяктуу 92 гектар Кош-Көлдүн жерин дагы уттуруп жиберип олтуруп калабызбы деп Рустамды жиберип, көзөмөлдөтүп койдум. Курулуш аягына чыкканга чейин көзөмөлдөп, курулуштун баасын текшерип турат.

Жибергеним жакшы эле болгон экен. "СК Девелопмент" курулушту аягына чыгара алмак эмес экен. Акчалары жок. РКӨФнан кредит алабыз деп арыз беришиптир. Алар баш тартыптыр. Анткени тарыхы начар да. "Керемет банктан" насыя алып төкпөй кеткени бар. Азыр Рустам инвесторлорду тартып жатат.

Президенттин баласы деп ишенген үчүн келип атышса керек. Бир инвестор келип, иш баштагандары боюнча кабарым бар.

Ушул жерден дагы бир жолу кайталап коёюн. Колуңардан келсе ар бир кыргыз жараны чукуламайды токтотуп, өлкөгө инвестор тарткыла. Айрым кыргыздын байларына окшоп чет өлкөлөргө миллиондогон долларларга завод фабрика курбастан Кыргызстанга кургула. Кимде инвестор бар болсо же өзү инвестиция салам десе барып ушул курулушка катышкыла. Айрыкча, колунда каражаты бар өзүбүздүн атуулдарыбызга кайрылып кетет элем. Жер тилкеси кенен. Каражаттарыңарды чыгарып, бул долбоорго ишенимдүү катыша аласыздар. Эшиги ачык. Ким катышам десе кабыл алат. Эгер кандайдыр бир тоскоолдук жаралса дароо мага түз кайрылсаңыздар болот демекчимин.

Мамлекет инвесторлордун салымы менен гана өнүгөт. Мында ички инвесторлор дагы биз үчүн маанилүү.

Биз 30 жылдан бери чукулашып олтурганда кошуна өлкөлөр космоско учуп атышат. Биз велосипед чыгара албай олтурабыз.

Менин максатым кантип кыска убакта кошуналарды кууп жетебиз деген план менен иштеп жатам. Эң негизгиси Жапаров-Ташиевдер мамлекетке бир тыйын зыян келтирбейт.

Муну көзөмөлдөгөнгө ал-күчүм жетет. Тескерисинче сырттан мамлекетке ташып келишээрине ишенем. Мурдакылардын катасын кайталабайбыз", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14141