Торугартта август айында кар жаады
RU

Торугартта август айында кар жаады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облусунун Торугарт ашуусунда 26-августта кар жаады. Бул тууралуу кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жүргөн күбөлөр билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет 27-августта күндүз жана 28-29-августта Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрөрүн билдирген. Өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында да кар жаай турганы кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14143