29-августта Жалал-Абад шаарында "Барселонанын" академиясы ачылат. Акыркы даярдыктар. Видео
RU

29-августта Жалал-Абад шаарында "Барселонанын" академиясы ачылат. Акыркы даярдыктар. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саналуу күндөрдөн кийин Жалал-Абад шаарында испаниялык клуб "Барселонанын" академиясы ачылат. Академия Борбор Азиянын ичинен Кыргызстанда биринчи болуп курулуп жатат.

Тарыхый окуяга президент Садыр Жапаров, Барселона клубунун президенти Жоан Лапорта, Роналдинье, Пуйоль сындуу дүйнөлүк футбол легендалары келет.

Kaktus.kg сиздерге академиянын акыркы даярдыгы тууралуу эксклюзив видео тартуулайт.

Академияга киргенде эле сизди "Кыргызстанда кош келиңиздер" деген жазуу менен өлкөнүн желеги тосуп алат.

Бул балдар жашай турган академиянын жатаканасы.

Бул заманбап үлгүдөгү ашкана.

Балдар машыгуучу залы.

Бардык шарттары бар балдар жашай турчу бөлмөлөр.

Академиянын кыш мезгилинде балдар машыга турчу жабык оюн талаасы. Ал көлөмү менен эле эмес, кооздугу менен да өзгөчөлөнөт.

Ал эми калган кызыктын баарын 29-августта Жалал-Абад шаарында академиянын ачылышында көрө аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14146