Бишкекте саунанын кызматкери интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган деп кармалды
RU

Бишкекте саунанын кызматкери интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте сойкулукка жана ыпластыкка үгүттөө фактысы боюнча 31 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Буга чейин укук коргоо органдарына сойкулук менен байланышкан мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап жүргөн аял тууралуу маалымат түшкөн. Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи 160-берененин 1-бөлүгү "Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында жайгашкан сауналардын биринин администратору кардарлардын өтүнүчү боюнча интимдик кызмат көрсөткөн кыздарды издеп, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан саунанын администратору 1992-жылы туулган К.Ю. кармалды.

Ал тергөө кызматына өткөрүлдү. Учурда тиешелүү иштер аткарылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14149