Блогер Арген Асановду милиция "Ала-Тоо" аянтында кармап кеткен. Ал айыпка жыгылды
RU

Блогер Арген Асановду милиция "Ала-Тоо" аянтында кармап кеткен. Ал айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Арген Асанов менен жубайы Аружан Бекешева социалдык тармак аркылуу оюн уюштуруп, 100 миң сомду "Ала-Тоо" аянтында таратмай болушкан. Алардын оюнуна катышууну каалагандар 26-августта 18:00гө топтолгон. Бирок оюн баштала элект милиция кызматкерлери блогерди кармап кетишкен эле.

Бул окуядан кийин Асанов күйөрмандарына кайрылып, Биринчи Май РИИБге жеткирлгенин, 7500 сом айып салынганын билдирди.

"Бизде баары жакшы. Аянтка келгендерден, катталуучулардан кечирим сурайбыз. Азыр мен ыңгайсыз болуп турам. Бул мыйзамсыз экенин билген эмесмин, билсем даярданып, уруксат алмакмын. 100 киши келет го деп ойлогом. 1-1,5 миң киши болуп кетти. Алдыңкы күндөрү оюнду өткөрөбүз", - дейт ал.

@kaktus_kg

Блогер Арген Асанов менен жубайы Аружан Бекешева социалдык тармак аркылуу оюн уюштуруп, 100 миң сомду "Ала-Тоо" аянтында таратмай болушкан. Алардын оюнуна катышууну каалагандар 26-августта 18:00гө топтолгон. Бирок оюн баштала элект милиция кызматкерлери блогерди кармап кетишкен эле.

♬ оригинальный звук - Kaktus_kg

Белгилесек, Арген Асанов "Бир болайык" шоу берүүсү аркылуу таанылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14151